Эскертүү! Бишкектеги Ак-Босого конушунда 1-мартта суу өчүрүлөт

Суу турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде жана саламаттык сактоо объектилеринде жок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ак-Босого жаңы конушунда 1-март күнү саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Суу турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, саламаттык сактоо объектилеринде жана турмуш-тиричиликке зарыл дагы башка жактарда жок болот.
Ак-Босого-1, Ак-Босого-2 суу кампасында жана шаардык суу өткөрүү тармактарында оңдоо-профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өчүрүлүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Шаар бийлиги калкты жана уюмдарды ичүүчү суу камдап алууну өтүндү .
Ак-Босого конушу Бишкектин Биринчи май районунун аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 315,5 гектарды түзөт жана 17 миң адам жашайт (2019-жылдагы маалымат боюнча).
Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына миңдей техпаспорт тапшырылды