БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Биринчи канал, Бүткүл Россия мамлекеттик телевидение жана радио компаниясы (ВГТРК), "Останкино" радио үйү Европа берүү биримдигинин (EBU) туура эмес жана акыйкатсыз чечиминен улам Биримдиктен чыгарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мындай чечим Россиянын "Евровидение — 2022" сынагынан четтетилгенинен улам кабыл алынган.
"Биз муну музыкалык форумда ойго келбеген саясий курмандыкка чалуу деп эсептейбиз", — деп жазылган мекеме жетекчилеринин билдирүүсүндө.
Маалым болгондой, Россияны сынактан четтетүү "Евровидениеге" байланыштуу мындай чечимдердин биринчиси эмес. 2016-жылы саясий боегу бар "1944" аттуу ыр жеңишке жеткен. Ошол эле учурда бир нече жыл өткөндөн кийин сынактын уюштуруучулары Беларусту ("Я научу тебя" чыгармасы үчүн) сынактан четтеткен.
"Алар муну саясат менен байланыштырган. Бул көп мисалдардын бир-экиси гана. Уюштуруучулар саясатты ар кандай түшүнүп, ал терминге ар кандай мамиле жасашат. Булар Евробиримдиктин эркин аткарып жатат. Ошол эле мезгилде ЕВСтин жарымы ага кирбейт", — деп жазылат маалыматта.
Алар Биримдиктин катышуучуларына бирдей шарт түзүлүп берилбей турганын белгилеп, бул жакта мындан ары калуу мүмкүн эмес экенин кошумчалашкан.
Эске салсак, буга чейин Европа берүү биримдиги Россия бул жылы "Евровидение" сынагына катышпай турганын айткан. Бул кадамын алар Украинадагы кырдаалга байланыштырган.