Радио

Бакчиев: аянтта күнүнө эки маал Манас жаңыртуу пландалууда

Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиев "Ала-Тоо" аянтындагы аркаларга "Манас" эпосунун каармандарынын сүрөтү түшүрүлгөн баннерлер илинерин айтты.
Sputnik
"Ала-Тоо" аянтында Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манасты" жаңыртып туруу пландалууда. Учурда Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун максаты "Манасты" окуп, көрүп, музей, китеп, сүрөт аркылуу тааныган туристтерге жана жергиликтүү калкка угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо.
"Чет элдик жарандар келип түшкөндө эле "Манас" эл аралык аэропортуна конушат. Башкача айтканда, такыр Манас тууралуу кабары жок адам да ушул жерден баштап аны тааный баштайт. Алардын көпчүлүгү биздин меймандостугубузду көрсөтүп турган "Ала-Тоо" аянтына келишет. Мына ушул жерде эпосту Саякбай Каралаевдин айтуусунда күнүнө эки маал жаңыртып турсак деп пландаштырып жатабыз. Учурда шаардык бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан сырткары, аянттагы аркаларга Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин калеминен жаралган каармандардын элестери түшүрүлгөн баннерлерди илели деп турабыз. Буга сүрөтчүнүн мураскери макулдугун берди", — деди Бакчиев.
Манасчы муну менен катар аянтта турган баатырдын эстелигинин постаментине же өзүнчө таш орнотулуп, ага эпос тууралуу кыскача маалыматтар жайгашарын кошумчалады.