Байден Кыргызстанга жаңы элчи дайындайт. Дипломат тууралуу эмне белгилүү

АКШнын мурдагы элчиси Дональд Лунун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы былтыркы жылдын жазында эле аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Американын Кыргызстандагы элчиси кызматына Лессли Вигеринин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жазылган.
Эске салсак, АКШнын мурдагы элчиси Дональд Лунун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы былтыркы жылдын жазында эле бүткөн.
Вигеринин министр-кеңешчи рангындагы кадрдык дипломат экени маалым болду. Учурда АКШнын Борбордук Азия жана Пакистан боюнча мамлекеттик департаментинин катчысынын жардамчысынын орун басары. Ага чейин АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары жана АКШнын Нью-Делидеги элчилигинде саясий маселелер боюнча кеңешчи-элчи болгон.
Ошондой эле Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюронун Борбор Азия боюнча директору жана Баңгизат, укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча эл аралык маселелер бюросунда Европа, Азия иштери боюнча директор болуп эмгектенген.
Багдаддык кыргыз, сырдуу тапшырма, "япон мафиясы". Кыргыз дипломаттарынын жолу