Air Arabia жайкысын Ысык-Көлгө катташы мүмкүн

Air Arabia авиакомпаниясы 2009-жылдын 9-сентябрында Шарджа эмирлигинде (БАЭ) негизделген жана баш кеңсеси ошол жакта жайгашкан. 2019-жылдын 4-июлунда Кыргызстандын борбору Бишкекке биринчи рейсин ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Аравиялык Air Arabia авиакомпаниясы жайкысын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна каттамдарды аткарышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулу Тимур Абдижалилдин аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугушуусунда сөз болду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар Шарджа – Ош каттамынын расмий түрдө ачылышында кезигишкен.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жайкысын "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Абу-Даби эмиратынан Кыргызстанга авиакаттамдарды жүргүзүү маселелери талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Баса, Шарджа — Ош каттамы жумасына төрт жолу төмөнкү график боюнча ишке ашырылат:
Шарджа (учуу убактысы 21:45) — Ош (конуу убактысы 03:15), учуу күндөрү — жума, ишемби;
Ош (учуу убактысы 04:25 ч.) — Шарджа (конуу убактысы 06:25), учуу күндөрү — дүйшөмбү, ишемби.
Акылбек Жапаров: Баткендеги эки аэропортко эл аралык макам берилет