Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия Украина менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу жума күнү Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр", — деп Путин билдиргенин Кытайдын ТИМи жарыялады.
Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Кийинчерээк РФ Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын билдирип, жогорку тактыктагы каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылганын кабарлаган. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даяр экени калп