Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Минскиге делегация жөнөтүүгө даяр

Россиянын делегациясы эки министрликтин жана президенттин администрациясынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Владимир Путин Минскиге Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн россиялык делегацияны жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Белгилүү болгондой, бүгүн Владимир Зеленский Украинанын нейтралдуу макамы боюнча талкуу жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Россиянын президенти Владимир Путин операциянын максаты ЛЭР менен ДЭРге колдоо көрсөтүү экенин башында эле айткан. Бул нейтралдуу макамдын ажырагыс компоненти болуп саналат. Бул контекст боюнча Зеленскийдин сунушуна жооп катары Путин Минскиге Коргоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана президенттин администрациясынын өкүлдөрүн жөнөтүүгө даяр", — деди Песков.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Кийинчерээк РФ Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын билдирип, жогорку тактыктагы каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылганын кабарлаган. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштады