БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринин финалына чыкты.
Ал жарым финалда эзелки атаандашы, россиялык Ханум Велиева менен күрөштү. Биринчи бөлүк башталары менен Жуманазарова каршылашынын бутуна кирип, желкесине алып көтөрүп чаап, 4 упайга ээ болду. Андан соң Валиева жанданып артына өтүп, тегерек чийинден сүрүп чыгарып жатып 5 упай топтоду. Экинчи бөлүктүн бүтөрүнө 33 секунда калганда кыргызстандык балбан атаандашын тегерек чийинден сүрүп чыгарып бир упай алды. Натыйжада эсеп 5:5 болуп, акыркы аракетти жасаганы үчүн жеңиш Жуманазаровага ыйгарылды.
Белгилей кетсек, спортчу кыздар муну менен бешинчи ирет кез келип жатат. 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада 2020-жылы өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө былтыр Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова жеңишке жетишкен. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, анда да акыркы аракетти жасап упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.
Былтыр декабрда Россиянын Күрөш федерациясынын сунушу менен Москвада эзелки атаандаштар килемге чыгышкан. Анда дагы 3:2 эсеби менен жеңген.