БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы медициналык колледждердин дагы белгиленген стандартка жооп берер-бербеси текшерилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык багытта окуткан бардык окуу жайларга эскертүү берген.
"Өткөн жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзүп, айрым медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаны колдонушу талапка жооп бербей турганын аныктаган. Буга байланыштуу мен 12 окуу жайдын лицензиясын чакыртып алуу чечимин кабыл алдым. Калган беш жеке менчик медициналык окуу жай кошумча текшерүүдөн өтөт. Ошондой эле өлкөдөгү медициналык колледждерди дагы текшерүү пландалып жатканын белгилеп кетем", — деди Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо министрлиги жабыла турган 12 медициналык окуу жайдын (бөлүм же факультет) тизмесин жарыялады.