Балдар китебин чыгаруу үчүн атайын тендер жарыялай турган болсо, ал ишке ашпайт. Мамлекет рыноктогу кызыктуу, пайдалуу, талапка туура келген китепти аныктап, сатып алсын. Бул тууралуу Жаныбек Абидетегин Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин колдоосу жок балдар контентин аныктап, идеологияны түптөө абдан оор.
"Балдар контентин аныктоодо сөзсүз мамлекеттин колдоосу керек. Өспүрүмдөргө арналган журнал, китеп чыгарган адам катары айта турган болсом, авторлордон мамлекет тиешелүү нускада сатып алып, өлкөдөгү 1052 китепканага таратышы керек. Мисалы, балдар китебин чыгаруу үчүн атайын тендер жарыялай турган болсо, ал ишке ашпайт. Мамлекет рыноктогу кызыктуу, пайдалуу, эрежеге туура келген китепти аныктап, сатып алсын. Эгер мындай иш жыл сайын жасалса, китеп ээлери талапка ылайыктуу сапаттуу китеп чыгарууга аракет кылат. Бул практика өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келет", — деди Абидетегин.
Ошондой эле адис өкмөт жеке студиялардан даяр мультфильмдерди сатып алып, чогуу иш алып барса тармакта сөзсүз жылыш болорун кошумчалады.