Кыргызстан январда мамлекеттик карызды тейлөөгө канча каражат бөлдү

Жалпысынан Кыргызстан быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоону пландап жатат. Бул рекорддук сумма деп саналууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ушул жылы январда Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2 миллиард 10,3 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Анын ичинен 997 миллион сом тышкы карызды төгүүгө, калганы ички карыздан кутулууга пайдаланылган.
Белгилей кетсек, былтыр январь айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 2,4 миллиард сом кеткен.
Жалпысынан Кыргызстан 2022-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоону пландап жатат. Ачык маалыматтарга (2005-жылдан берки) таянуу менен бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө рекорддук сумма бөлүнөт деп айтууга болот.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

Өткөн жылдын аягында мамлекеттик карыз 5 миллиард 147,2 миллион долларды түзсө, анын 4,3 миллиарды тышкы карыздан кутулууга берилген. Акыркы жылдары төлөмдөр өсүүдө. Маселен, 2012-жылы карызды тейлөөгө 12 миллиард сом бөлүнгөн.
Өкмөт айрым азыктардын кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады. Тизме