Мишустин: Россияда 5 миңден ашык кыргызстандык бюджеттик негизде окуйт

Михаил Мишустин Россия Кыргызстан менен болгон стратегиялык кызматташтыгын жана достук мамилесин жогору баалай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россияда 8 миңден ашык кыргызстандык билим алып жатса, алардын ичинде 5,3 миңи бюджеттик бөлүмдө окуйт. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуусунда айтты.
"Биз интеграциялык процесстерди бекемдөө, ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан дагы жакшыртуу максатында жолугуп отурабыз. Батыш ажыратууга аракет кылып жатат. Бирок биз евразиялык интеграция жүрүп жатканын далилдейбиз", — деди Мишустин.
Ошондой эле ал быйыл Россия менен Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл экенин айтты.
"Март айында дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилейбиз. Айтайын дегеним, Россия Кыргызстан менен болгон стратегиялык мамилесин жогору баалайт. Биздин кызматташтык эки элдин кылымдарга созулган достугунан улам түзүлгөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануу 47 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларга жакындады. Бул абдан жакшы көрсөткүч", — деди Россиянын өкмөт башчысы.
Мындан тышкары, ал билим берүү жаатында дагы кызматташтык күч алып жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, Россияда 8 миңден ашык кыргызстандык студент окуса, алардын 5,3 миңи бюджеттик бөлүмдөрдө билим алууда. Ал эми келерки окуу жылында квотаны 500 орунга чейин көтөрүү пландалууда.
Ошондой эле ал мындан ары дагы Кыргызстанда орус тилинин өз орду боло берерине ишенерин кошумчалады.
Казакстанда Жапаров менен Мишустин жолукту. Эмне кеп болду