БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Чакан экономиканы максаттуу түрдө колдоо туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп саналат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
"Бизде классикалык түшүнүктөгү өнүктүрүү институттары жана фонддор жок. Евразия өнүктүрүү банкы коммерциялык банктардай пайыздык коюмдарды коюп пайда алуу багытында бизнеске ылайыкташкан өңүттө иштейт. Андыктан чакан экономиканы максаттуу түрдө колдоо туруктуу өнүктүрүүнүн дагы бир негизги багыты болуп калат", — деди Жапаров.
Анын айтымында, жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү каржылоо менен алектенген өнүктүрүү институтун толук кандуу ишке киргизүү үчүн көп максаттуу программаларды иштеп чыгуу зарыл. Мындан улам Жапаров ЕАЭБдин колдоосу астында Евразия антикризистик фондун түзүүнү сунуштады.