Ишембиге карата аба ырайы

26-февралга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Нарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде -1...+4 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13 жана Ош калаасында +12...+14 градуска көтөрүлөт.
Күн ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы