Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүн эмдөө боюнча сертификаттарды таанууга чакырды

Азыр ЕАЭБ жалпы болбосо дагы айрым мамлекеттер COVID-19га каршы эмдөө алгандыгы тууралуу бири-биринин сертификаттарын тааный баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бири-биринин коронавируска каршы эмдөө боюнча сертификаттарын таанышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.
"Бүгүнкү күндө биримдиктеги тез арада чечилиши керек болгон маселелердин бири — өлкөлөрдүн бири-биринин вакцина тууралуу документтерин таануусу. Азыр жалпы болбосо дагы айрым мамлекеттер документтерди тааный баштады. Мисалы, Россия менен Казакстан жакында эле бул тууралуу келишимге кол коюшту", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бул тажрыйбаны беш мамлекетке тең жайылтуу менен коронавирустан кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашаган элдин кирешесин теңдөө керек