Асылбекова "Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышуу үчүн Египетке учуп кетти. Сүрөт

Кыргызстандык бийкеч сынак үчүн эл аралык жана ата мекендик бренддерге 26 көйнөк тиктирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан "Дүйнөнүн топ модели" сулуулук сынагына катышуу үчүн Египетке кетти. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясы билдирди.

"21 жаштагы Асылбекова бүгүн эртең менен Хургадага учуп кетти. Ал "Дүйнөнүн топ модели" наамы үчүн ат салышат", — деди дирекциядан.

Сулууларды тандоо 27-февралдан 14-мартка чейин Египетте өтөт. Ага 75 өлкөнүн бийкечтери катышмакчы.
Маалыматка караганда, бийкеч сынак үчүн эл аралык жана ата мекендик бренддерге 26 көйнөк тиктирген.
Top Model of the World 1993-жылы негизделип, моделдер арасындагы эл аралык престиждүү сынактардын бири болуп саналат. 2016-жылы ага Кыргызстандын атынан биринчи жолу Бегимай Карыбекова барган.
Кыргызстандык модель Египетте өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Сүрөттөр