Дин кызматкерлери бир ай бою ишембиликке чыгат

Ишембиликке чыккандар мечиттерди, диний окуу жайларды, карыялар, жетимдер үйү сыяктуу социалдык объектилерди тазалап, актап, көчөт отургузат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы бардык дин кызматкерлери март айынан апрелге чейин ишембилик өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукту Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев чыгарган. Ага ылайык, дин кызматкерлери (муфтият жана ар бир казыят, хатибият, мечит имамдары, диний окуу жайларда иштегендер) марттан апрелге чейин бир ай бою ишембиликке чыгып турат.
Алар мечиттерди, диний окуу жайларды, карыялар, жетимдер үйү сыяктуу социалдык объектилерди тазалап, актап, көчөт отургузары кошумчаланды.
Имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду. Күтүлбөгөн жыйынтык