БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкекте жер үстүндөгү өтмөктөрдүн курулушуна каршы экенин билдирди.
Жер үстүндөгү өтмөктөр азыр "Аламүдүн" жана "Мадина" базарларынын аймактарында бар.
Мекеме Бишкекте, өзгөчө борбордук бөлүгүндө мындай өтмөктөрдүн курулушу туура эмес деген пикирди карманууда. Алардын айтымында, шаар көчөлөрүн унаа жолдорго ылайыкташтырган болбойт, ал жактан автоунаалар гана эмес, эл дагы өтүшү керек.
Ошондой эле жер үстүндөгү өтмөктөр жол кырсыктарын көбөйтүшү мүмкүндүгү айтылат. Өйдө көтөрүлгүсү келбегендер жолду кесип өтөм деп кырсыкка кабылышы ыктымал.
Архитектор комплекстүү чараларды иштеп чыгууну, анын ичинде жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жол чырактарды орнотууну, тротуарларды кеңейтүүнү, коопсуздук үчүн жол чийиндерин чийүүнү сунуштаган.