БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Былтыр 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул берилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынган. Кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул 3 700 сом деп белгиленген.
Ал төмөнкүлөргө берилет:
курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары — ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) — пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар — майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.