БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Стамбулда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде биринчи беттешинде эле жеңилип алды. Бул туурасында Дүйнөлүк күрөш уюму билдирди.
Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күрөшүн 1/8 финал менен баштаган. Алгачкы атаандашы бразилиялык Лайс Нуньес де Оливейра болгон. Күрөштүн натыйжасында 8:0 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты.
Эгер бразилиялык спортчу финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Беделдүү Yasar Dogu эл аралык турнири Түркиянын Стамбул шаарында 24-февралда башталган, 27синде аяктайт. Анда Айсулуудан сырткары Кыргызстандын намысын Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы коргойт. Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөштө Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков күч сынашат.