БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Стамбулда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде финалга чыкты.
Ал 76 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, беттештерин 1/8 стадиясынан баштады. Алгач россиялык Кристина Шумованы 10:0, андан кийин Екатерина Букинаны 5:3 эсеби менен утту. Ал эми жарым финалда Германиядан келген спортчу Франци Рейделтти 6:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, финалга жолдомо алды.
Беделдүү эл аралык Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жатат.
Мында кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова финалга чыкса, Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калган.