Аялдар конгресси таасирдүү айымдардын энциклопедиясын чыгарды

Энциклопедияга өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, өз ишинде ийгиликтерге жетишкен, элдердин достугун бекемдөөгө кол кабыш кылган аялдар кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстан аялдар конгресси "Кыргызстандын аялдары" энциклопедиясынын жетинчи чыгарылышын сунуштады. Ал эми анын каармандары эл аралык маанидеги "Лидерлик үчүн" медалы менен сыйланышты.
Медаль Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменинага, Кыргызстандын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаевага, КР эл артисти Айтурган Темировага, КРдин Коргоо министрлигинин Аскер-медициналык башкармалыгынын дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн жетекчиси Елена Кимге жана башка айымдарга берилди. Тизмеге өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, өз ишинде ийгиликтерге жетишкен, элдердин достугун бекемдөөгө кол кабыш кылган аялдар кирген.
1 / 3

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина

2 / 3

Кыргызстандын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева

3 / 3

КР эл артисти Айтурган Темирова

Конгресстин президенти Замира Акбагышеванын айтымында, энциклопедия замандаштарга таасирдүү аялдардан үлгү алып, мамлекеттин жана элдин бейкуттугу үчүн иштөөгө дем берүү максатында чыгарылып келет.
Конгресстин президенти Замира Акбагышева
"Энциклопедияга ысымы жазылган ар бир каарман мамлекеттин сыймыгы жана элдин көңүл буруусуна татыктуу", — деди Акбагышева.
"Кыргызстандын аялдары" энциклопедиясы 4-5 жылда бир жолу чыгарылат. Анда тарбия, билим берүү жана жаштарды агартуу тармактарына салым кошкон белгилүү адамдардын энелеринин өмүр баяндары жазылган.
Мындан тышкары, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө салым кошкон чет элдик аялдардын таржымалдары да камтылган. "Кыргызстандын аялдары" энциклопедиясынын нускалары Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин китепканаларына, эл аралык уюмдарга, элчиликтерге берилет.
Sputnik салттуу кийимдер долбоорунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Сүрөт