Акылбек Жапаров: президент Россия менен 300 жыл бирге болууга даярдыгын айтты

Өкмөт башчы Россия менен мамилени мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстан Россия менен дагы 300 жыл бирге болууга даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанда Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолукканда айтты.
Ал Россия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ экенин билдирген.
"Бул жакка чыгар алдында президент Садыр Жапаров менен жолуккам. Ал "биз Россия менен 200 жыл чогуу болгонбуз, дагы 300 жыл аны менен бирге болууга даярбыз" деп айтты. Ар дайым чогуу бойдон кала беребиз", — деген Жапаров.
Аны менен катар өкмөт башчы Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген.
Ал эми Мишустин Россия Кыргызстан менен бир канча кылымдык достукка негизделген стратегиялык мамилелерди жогору баалай турганын айткан.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүн эмдөө боюнча сертификаттарды таанууга чакырды