Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Франциянын коргоо министри: АКШ менен Европа Россияга каршы согушкусу келбейт

Министр алардын башкы максаты Украинанын чыгышында октун атылышын тезирээк токтотуу экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн бири дагы Россияга каршы согушууга каалоосу жок. Бул тууралуу Франциянын коргоо министри Флоранс Парли билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ жана Европанын бир дагы өлкөсү Россия менен согушкусу келбейт. Биздин башкы максат — Украинанын чыгышында октун атылышын тезирээк токтотуу", — деп билдирген Парли.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Путинге чалганын айтты