Жума күнгө карата аба ырайы

25-февралда күндүз республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жума күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын облусунда 0…+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11…+13 жана Ош шаарында +12…+14 градусту көрсөтөт.
Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы