Улуттук банк доллардын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банктан ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдайларды туруктуу негизде көзөмөлдөп турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногундагы абал көзөмөлдө экендигин айтып, жагдайды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн өлкөдө доллар дээрлик он сомго кымбаттап кетти. Андан сырткары, евро да бир топ секирик жасады.
Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдайларды туруктуу негизде көзөмөлдөп турганын билдирди. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантып, аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ деп кошумчалады.
Улуттук банктын жетекчилиги банк коомчулугунун өкүлдөрү менен учурдагы абалды талкуулаган.
"Анда ички валюта рыногундагы учурдагы жагдай, ошондой эле учурда болуп жаткан геосаясий жагдайга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө жана аларды азайтуу, өлкөнүн банк, төлөм системаларынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн сактоо чаралары боюнча маселелер талкууланды", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Улуттук банктан чет элдик валюталардын кымбаттап кетиши дүйнөлүк кырдаалдан улам экендигин айтышты.
"Учурда Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу геосаясий жагдайга, ошондой эле АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр тарабынан Россияга карата санкциялар боюнча маалыматка байланыштуу, тышкы финансылык рыноктордо орус рублинин курсунун өйдө-ылдый болуп өзгөрүшү байкалууда. Россия Кыргызстандын соода жана экономика боюнча негизги өнөктөшү болгондуктан, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү башкы банктан.
Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн финансы рынокторундагы абал ички валюта рыногунда доллардын курсунун өсүшүнө алып келгенин, мындай кырдаал көбүнчө психологиялык факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын аракетине байланыштуу келип чыкканын айтты.
"Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 миллион долларды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгү валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кыларын кошумчалады.
Кыргызстандын банктарында евро кымбаттап, 108 сомго чыкты