Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украинанын шаарларында жарылуулар болду

Украина ЖМКлары Киевде, Краматорскиде, Одессада, Харьковдо жарылуулар угулуп жаткандыгын жазып жатышат. Андан сырткары, Луганск аткылоого алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинанын борбору Киев шаарында жана башка Краматорск, Одесса, Харьков, Бердянск калааларында жарылуулар угулуп жатат. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып кабарлады.

"Бейшемби күнү, 24-февралда, таңда Киевде жана андан башка бир нече шаарында жарылуулар угулду. Краматорскиде кеминде төрт ирет, Одесса, Харьков, Бердянск калааларында катуу жарылуу жана Донбасста ырайымсыз аткылоо болуп жатканы боюнча билдирип жатышат", — деп айтылган маалыматта.

Мындан сырткары, борбор калаадагы жарылууну Позняков жана Троещина аймактарынын жашоочулары даана уккан.
"Ал арада "Борисполь" аэропортунун аймагында да жарылуулар жана атышуулар угулуп жатат", — деп билдирген агенттик.
Ал эми РИА Новостинин Луганскидеги кабарчысы аталган аймактын борборунда да жарылуулар угулгандыгын кабарлады. Ага таңкы саат 4:30да Суходол аймагынан 122 миллиметр калибрлүү 120 снаряд атылгандыгын айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакстан мисал. Путин Россия КМШ өлкөлөрүнүн суверенитетин сыйлаарын айтты