БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына эч кандай ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урган жок. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин бүгүн эртең менен элине кайрылып, Донбасста согуштук операция баштоо чечимин кабыл алганын жар салган. Өлкө башчысы Россиянын Украинаны оккупациялоо ниети жок экенин, бирок демилитаризацияланышына аракет көрө турганын белгилеген.
Министрлик Украина калкы үчүн эч кандай кооптуулук жок экенин кошумчалоодо.
Донбасста кырдаалдын курчушу
Акыркы жумаларда Донбасста кырдаал курчуп кетти: Киев армиясынын басымдуу бөлүгүн аталган аймакка жакын жерге жайгаштырып, тыюу салынган техниканы пайдалануу менен аткылай баштаган. Мындан улам ДЭР менен ЛЭРден балдар, аялдар жана кары-картаңдар эвакуацияланып, жалпы мобилизация жарыяланган. 19-февраль күнү аталган эки республиканын жетекчилиги алардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен Россияга кайрылган.
21-февраль күнү Владимир Путин телекайрылуусунда ЛЭР менен ДЭРдин суверенитетин токтоосуз таануу зарылдыгы жаралганын айтып, тиешелүү жарлыктарга кол койгон.
24-февралга караган түнү эки республиканын жетекчилери Россияга Украинанын агрессиясынан коргонуу үчүн Россияга аскерий жардам сурап кайрылган.