Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ТИМ: Украинага барууну пландаган кыргызстандыктардан жолго чыкпоону өтүнөбүз

Элчилик Украинанын аймагындагы Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилүүдө. Тынымсыз байланыш линиясы да түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинага барууну пландап жаткан мекендештерди жолго чыкпоого чакырды.
Министрлик Украинанын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды өлкөнүн мыйзамдарын сактоого үндөдү.
"Украинадагы кырдаалга байланыштуу учурда бул өлкөдө жүргөн мекендештерибизге мыйзамдарды сыйлап, тийиштүү эрежелерди сактоого жана коопсуздук чараларын көрүүгө чакырабыз. Ал эми Украинага барууну пландап жаткандардан жолго чыкпоону өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик Украинанын аймагындагы Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору түзүлдү.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348 (WhatsApp аркылуу да байланышса болт);
КР ТИМинин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 тынымсыз байланыш линиясы;
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215.
Москванын аэропортторунда 200дөй рейс токтотулду. Кыргызстанга тиешеси барбы