БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинадагы аскердик абал учурунда кандай чектөөлөр болорун "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы жазып чыкты.
Алар:
цензура киргизүү;
ишке жарамдуу жарандардын бардыгы эмгектенүүгө милдеттүү;
Украинанын суверендүүлүгүнө коркунуч жарата турган ар бир саясий партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу;
коргонуу максатында зарыл болгон учурда жарандардын мүлкү алынат;
жарандарды коопсуз жакка эвакуациялоо.
Эске салсак, Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн бардык аймактарына согуштук абал киргизүү боюнча чечим кабыл алды.