БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына аскердик абал киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз өлкөнүн бардык жерине аскердик абал киргизип жатабыз", — деген Зеленский украиналыктарга кайрылуусунда.
Эске салсак, буга чейин Россия президенти Владимир Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган.