Диетолог: таттууну көп жеген адамдын көрүүсү начарлашы мүмкүн

Дарыгер газдалган суусундукту башаламан иче берүү да диабет менен остеопорозго жеткирерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кумшекерди ашыкча колдонуу диабетке жеткирип, адамды сокур кылып коюшу ыктымал. Диетолог Михаил Гинзбургдун мындай эскертүүсү РИА Новостиге жарыяланды.
"Маселен, адам таттуу жегенин токтотпой, тескерисинче, көбөйтө берсе, убакыт өткөндөн кийин экинчи типтеги кант диабети өрчүп, көрүүсү начарлап, сокур да болуп калышы мүмкүн", — деди дарыгер.
Ал газдалган суусундукту башаламан иче берүү да диабет менен остеопорозго жеткирерин кошумчалаган.
Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди