Рублдин наркы кескин төмөндөп, долларга карата баасы сомго теңелди

Мындай көрүнүш Россия президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы боюнча билдирүүсүнөн кийин байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең менен рублдин курсу кескин төмөндөгөнүн РИА Новости жазды.
Мындай көрүнүш Россия президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы боюнча билдирүүсүнөн кийин байкалган.
Москва биржасынын маалыматына таянсак, доллар 2016-жылдын январь айынан бери биринчи ирет кымбаттап 84 рублге чыккан. Ал эми евро 2014-жылдын декабрь айынан бери биринчи жолу 95 рубль болду. Москва убактысы менен саат 07:18ге карата доллар 2,92 рублге кымбаттап, 84,08 рубль болсо, евро 3,45 рублге жогорулап, 95,24 рублге жеткен.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллар наркы ушу тапта 84,90 сом, ал эми евро 96,6 сом болуп турат.
ЕБ Россияга каршы санкцияларды расмий кабыл алды. Мамдуманын реакциясы