Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Украинанын абадан коргонуу каражаттарына бөгөт коюлду

Министрлик Украинанын аймагында россиялык самолет атып түшүрүлдү деген маалыматты төгүндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык базасынын аскердик инфраструктурасынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Министрлик буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына эч кандай ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын кабарлаган. Ведомствонун маалыматына караганда, жогорку тактыктагы талкалоочу каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылды. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.
Украинанын аскердик чек ара кызматы "Россиянын бөлүмдөрүнө эч кандай каршылык көрсөтпөгөнү" белгиленди.
Министрлик Украинанын аймагында россиялык самолет атып түшүрүлдү деген маалыматты төгүндөдү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден: АКШ союздаштары менен Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет