Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путиндин Донбасстагы атайын операция алдында россиялыктарга кайрылуусу. Видео

Россия президенти Владимир Путин Россия элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
Sputnik
Мамлекет башчы Донбасс боюнча кырдаал чечкиндүү жана токтоосуз кадамды талап кылып жаткандыгын билдирген. Луганск Эл Республикасынын башчысы Леонид Пасечник жана Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин жардам сурап Россияга кайрылгандыгын билдирген.
Бул кайрылуусунда Путин маанилүү делген бир топ темаларга токтолгон.
Путин Россиянын планына Украинаны оккупациялап алуу ниети кирбегендигин, бирок Россия аны куралсыздандырууга умтуларын айткан. Башкаларга суроо жаратып жаткан "басып алуу саясаты" тууралуу так, даана айтып, Россия КМШ өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн сыйлап келгендигин жана мындан ары да сыйлаарын белгилеген.
Тема боюнча:
Путин: Россияга каршы кандай гана агрессия жасалбасын, мизи катуу кайтарылат
Украинага аскердик абал киргизилди. Зеленский элине кайрылды
БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды