Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Хунтага эмес, элге ант бергенсиңер! Путин Украина аскерлерине кайрылды

Россия лидери Украина армиясынын кызматкерлери согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактан чыгып, үй-бүлөсүнө кайта аларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин эртең мененки кайрылуусунда Украина аскерлерине да кайрылып, алар өлкөнү талап-тоногон хунтага эмес, калкка кызмат өтөөгө ант бергенин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине да кайрылып кетишим керек. Урматтуу жолдоштор! Сиздердин ата-бабаларыңыздар биздин жалпы Ата Мекенибизди улутчулдар менен алардын бүгүнкү күндө Украина бийлигин ээлеп алуусу үчүн согушкан эмес", — деди Путин.

"Сиздер Украинаны талап-тоноп, элин мазактаган хунтага эмес, карапайым калкка кызмат кылуу үчүн ант бергенсиңер. Хунтанын кылмыштуу буйруктарын аткарбаңыздар! Токтоосуз куралды тапшырып, үйлөрүңөргө кайтууга чакырам", — деди РФ президенти.
Өлкө башчысы өз кайрылуусунда бул талаптарды аткарган аскер кызматкерлеринин баары согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактан чыгып, үй-бүлөсүнө кайта аларын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Путин Донбасста согуштук аракеттерди баштоо чечимин кабыл алганын жар салып, россиялыктардын колдой турганына ишеним билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакстан мисал. Путин Россия КМШ өлкөлөрүнүн суверенитетин сыйлаарын айтты