Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча эпке келүү аракети текке кетти

Президенттин айтымында, өлкөнү деградацияга, кыйроого түрткөн жалган баалуулуктарды таңуулоо аракети да болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыккан жок. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин элине кайрылып жатып айтканын РИА Новости жазды.
"СССР кыйрагандан кийин жаңы Россия АКШ жана башка Батыш мамлекеттери менен ачык, адилет иштөөгө даяр болсо дагы бизди сындырып, биротоло кыйратууга аракет кылышты. 1990-жылдары да, 2000-жылдардын башында да ушундай болгон", — деди Путин.
Президент Россиядагы сепаратисттердин Батыш тарабынан колдоого алынышын эске салды.
"Кавказдагы террорчулуктун белин сындыруу үчүн эмне деген кыйынчылыкты башыбыздан кечирген жокпуз, кандай гана жоготууларга туш болбодук. Мунун баары эсибизде, эч качан унутпайбыз", — деди Путин.
Анын айтымында, өлкөнү деградацияга, кыйроого түрткөн жалган баалуулуктарды таңуулоо аракети да болгон. Президент буга "эч укбакта жол берилбей турганын" белгиледи.
Буга карабастан Россия дагы бир жолу НАТО менен чегин кеңейтпөө жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылган.
"Куру убара", — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россияга каршы кандай гана агрессия жасалбасын, мизи катуу кайтарылат