Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Донбасста аскердик операция жүргүзүлөрүн жарыя кылды

Путин НАТОнун алдыңкы мүчө-өлкөлөрү Украинанын неонацисттерин колдоп жаткандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Россия элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Азыркы кырдаал бизден тез жана токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылып жатат. Донбасс жардам сурап Россияга кайрылды. Мындан улам БУУнун 51-беренесинин 7-бөлүгүнө таянып жана Федералдык кеңештин ДЭР, ЛЭР менен достук, өз ара жардамдашуу боюнча келишимдеринин ратификациясын аткаруу максатында мен атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алдым", — деген Путин элге теледен кайрылып жатып.

Путин Россиянын планына Украинаны оккупациялап алуу ниети кирбегендигин, бирок Россия аны куралсыздандырууга умтуларын айтты. Ал Россия КМШнын эгемендүүлүгүн сыйлап келгендигин жана мындан ары да сыйлаарын белгиледи.
Путин, мындан сырткары, НАТО Россиянын чек арасына жакындап келе жаткандыгын белгиледи. Анын айтымына караганда, Москва 30 жылдан бери аталган блоктун чыгыш тарапка жылбашына жана кеңейбешине аракет кылып келгендигин жана алдамчылыкка, басым жасоого, опузалоого кабылгандыгын айтты.
Путин НАТОнун алдыңкы мүчө-өлкөлөрү Украинанын неонацисттерин колдоп жаткандыгын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстын 775 миңден ашуун тургуну Россия жарандыгын алды