Москванын аэропортторунда 200дөй рейс токтотулду. Кыргызстанга тиешеси барбы

"Манас" аэропортунун маалымат кызматы токтотулган жана кармалган каттамдардын арасында Кыргызстанга багыт алган рейстер жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Москванын "Внуково", "Домодедово" жана "Шереметьево" аэропортторунда 200дөн ашык каттамдын жарымы токтотулса, жарымы кармалып турат. Бул тууралуу РИА Новости "Яндекс.Расписание" сервисиндеги маалыматка таянып кабарлады.
Бейшембиде Москва убактысы боюнча саат 9:40ка карата "Внуково" аэропортунда 17 каттам кармалса, 17си токтотулган. "Домодедоводо" 8 каттам кармалса, 96сы токтотулган. Ал эми "Шереметьеводо" 16 каттам кармалып, 51и токтотулду. Маалым болгондой, "Шереметьево" аэропорту учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Аэропорттун терминалында токтотулган жана кармалган каттамдардын жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды.
"Манас" аэропортунун маалымат кызматы токтотулган жана кармалган каттамдардын арасында Кыргызстанга багыт алган рейстер жок экенин билдирди.
Доллар менен евронун рублге карата курсу өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти