Кыргызстандын банктарында евро кымбаттап, 108 сомго чыкты

Бир катар банктарда доллардын курсу өсүп, калктан сатып алуу 94 сомго жетсе, 95 сомдон сатыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын банктарында евро кымбаттап, 107, 8 сомго жетти. Бул маалыматтарды Valuta.kg порталынан көрүүгө болот.
Саат 11:50дө еврону калктан сатып алуунун орточо курсу 96,16 сом, ал эми сатуу 96,62 сом болгон.
Бир катар банктарда өскөн курс төмөнкүчө болду:
Сатып алуу — 105 сомдон 106,8 сомго чейин;
Сатуу — 106,5 сомдон 107,8 сомго чейин чыкты.
Бүгүн Кыргызстандагы бир катар банктарда доллардын курсу өсүп, сатып алуу 94 сомго жетсе, элге дээрлик 95 сомдон сатыла баштады.
Жок калды. Бишкектеги акча алмаштырган кээ бир жайлар доллар сатпай жатат