УКМК 6 миң доллар пара алды деген ИИМдин кызматкерлерин кармады. Видео

Колго түшкөн шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 4

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

2 / 4

Маалыматка караганда, УКМКга жаран кайрылып, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн алты миң доллар талап кылып жатканын айтып, аларга чара көрүүнү өтүнгөн

3 / 4

Факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча иш козголгон

4 / 4

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Маалыматка караганда, УКМКга жаран кайрылып, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн алты миң доллар талап кылып жатканын айтып, аларга чара көрүүнү өтүнгөн.
Факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча иш козголгон.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө факты тастыкталып, 2022-жылдын 22-февралында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ш.У. жана А.У. пара алып жаткан жеринен кармалышты", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Вице-мэрдин иши. Финансы министрлигинин бөлүм башчысы менен аткаминер кармалды