Пресс-борбор

Александр Крестинин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиши мүмкүн

Журналисттер Крестининдин ийгилигине ишеним канчалык экенине кызыгышты. Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков анын алдына конкреттүү тапшырма коюлганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин алдында турган негизги милдеттердин бири — июнь айында команданы Азия кубогуна илинтүү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтты.
Журналисттер Крестининдин ийгилигине ишеним канчалык экенине кызыгышты.
Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков
"Машыктыруучунун алдында конкреттүү тапшырма турат. Ал июнь айында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогуна илингидей иштеши керек. Эгер ал бул тапшырманы аткара алса, аны менен кызматташууну улантуу боюнча ойлонобуз. Эгер көздөгөн максатка жетпей калса, келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралат", — деди Сыдыков.
Буга чейин курама команда Азия кубогу — 2023кө катышуу үчүн квалификациялык оюндарды Бишкекте өткөрөрү белгилүү болгон. Атаандаштар бүгүн аныкталат.
Кыргызстандык футзалчы кыздар тажикстандыктарды караандатпай жеңип алды. Видео