Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолгон себеби айтылды

Салык кызматы жүк ташуучулардын ЭЭФ албай жаткандыгы Кыргызстандын эки тараптуу макулдашуунун талаптарын сактабагандыгынын далили катары бааланарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жоктугу кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына себеп болууда. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, QR код менен басып чыгарылган ЭЭФ жүк ташуучуларга Казакстандын мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан текшерилбестен өтүп кетүүгө жол ачат. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жүк ташуучу унаалардын топтолгонуна байланыштуу, QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактура алуу зарылдыгын дагы бир жолу эскертет", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы жүк ташуучулардын ЭЭФ албай жаткандыгы Кыргызстандын эки тараптуу макулдашуунун талаптарын сактабагандыгынын далили катары бааланарын айтты. Ошондой эле бул нерсе Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын жүктөрдү текшерүүгө аргасыз кылууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2022-жылдын 16-февралындагы 1-отурумунун чечимине ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды экспорттоодо Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан текшерүүсүз өтүү үчүн товарга QR коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасын алышы керек.
Өкмөт айрым азыктардын кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады. Тизме