Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк элинин блокпосттордо украин аскерлери менен кагышып жатканы кабарланды

Донецкинин элдик милициясы блокпосттордо жай жарандардын Украинанын Улуттук гвардиясынын жоокерлери менен кагылышканын билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинанын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү Мариуполдон чыккан бардык жолдорду жаап, аларды аймактан чыгарбоого аракет кылып жатат. Бул туурасында РИА Новости Донецкинин элдик милициясына шилтеме берип кабарлады.
"Украинанын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү элге жамынып Мариуполдон чыккан бардык жолдорду жаап, чыгарбай баштады. Жай жарандардын блокпосттордогу күч түзүмдөр менен бир канча ирет кагылышканы боюнча кабар келип түшүүдө", — деп айтылган билдирүүдө.
Бүгүн, 24-февралдын таңынан тарта, Укранина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский да өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Бир катар Батыш мамлекеттери Россиянын аракетин сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада жарыяланган согуштук абал кандай чектөөлөрдү камтыйт