Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Парламентте Донбасс боюнча Кыргызстандын позициясы кандай болушу керектиги айтылды

Эл өкүлү геосаясий кризис сөзсүз түрдө дүйнөдөгү бардык мамлекетке түз же кыйыр таасирин тийгизерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан геосаясий кризис учурунда алты миллион калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен өз ишин улантышы керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖКнын регламенти комитетинин төрагасы Медер Алиев билдирди.
"Бүгүнкү күндө түшүнгөн адамга дүйнө оор акыбалда турат. Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу болуп көрбөгөндөй күч алууда. Мындан 50-60 жыл мурун Кубада Кариб кризисинде СССР менен АКШнын кармашы болгон. Азыркы учурда дагы дал ошондой жагдай кайталанып жаткандай. Мындай жагдайда биздин мамлекет биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын, дүйнөлүк ченемдик актылар, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган принциптерди эске алуу менен өзүнүн күнүмдүк жай баракат турмушун уланта бериши керек", — деди Алиев.
Ошондой эле депутат ушундай учурда геосаясий кризис сөзсүз түрдө дүйнөдө канча мамлекет болсо түз же кыйыр таасирин тийгизерин белгиледи. Ал Уинстон Черчиллдин "тышкы саясатта Англиянын түбөлүк достору жок, түбөлүк кызыкчылыктары болот" деген сөзүн мисал келтирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Садыр Жапаров Донбасстагы кырдаал боюнча үн катты