БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жылына 300гө чейин бөйрөк, боор алмаштыруу операцияларын жасай баштайбыз. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында дүйнөдөгү операциялардын баары жасалып жатат. Баасы дагы абдан арзан, мисалы, стент коюу 50 миң сом болот.
"Бизде боор, бөйрөк алмаштыруу киргизилди. Бир жылда 300 операция жасайлы деп жатабыз. Өкмөт бизге 20 миллион сом бөлүп берди. Донордун кыртышынын дал келишин текшерүүчү лаборатория жок болчу, аны да алдык", — деди Бейшеналиев.
Мындан сырткары, министр мээ шишигин лазер менен жок кылуу боюнча үч адис Россияга окууга жөнөтүлүп жатканын белгиледи. Алар келсе бул процедура да башталат.