Бишкектин банктарында доллар 95 сомго чыкты

Кыргызстандын банкатардына чет элдик валютанын курсу кескин секирик жасады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектеги банктарда АКШ доллар кескин кымбаттап, 94,9 сомго чыгып кетти.
Мындан бир нече саат мурда, 11:50дө сатып алуу 84,7-84,8 сома, ал эми сатуу 84,9 сом эле.
Азыр банктарда курс кескин секирик жасады.

"Финанскредитбанк"

Сатып алуу — 93,9
Сатуу — 94,9 сом.

"Доскредобанк":

Сатып алуу —94,6 сом;
Сатуу — 95 сом.
Булардан сырткары "Керемет","Бай Түшүм", "Азия банкы", KICB банктарында да 95 сомго чейин жетти.
Эске салсак, 2020-жылдын март айында доллардын курсу 70 сомдон 73 сомго чыгып, андан соң кескин секирик жасап, 84,9 сом болгон. Андан кийин бирде түшүп, кайра көтөрүлүп турган.
Буга чейин акча алмаштыруучу жайларда долларга суроо-талап көп болгондуктан, түгөнүп калгандыгын айтышкан эле.
Жок калды. Бишкектеги акча алмаштырган кээ бир жайлар доллар сатпай жатат