БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө саат 9:00дөн тарта киргизилди. Коргоо министрлиги 3-март — Туу күнүнө карата даярдык болуп жатканын айтты. Сүрөттөрдөн аскерлер чоң желекти көтөрүп басып баратканын көрүүгө болот. Ал эми аянттын чекесиндеги жолдордо милиционерлер көзөмөл жүргүзүүдө.
Кайгуул кызматы репетиция бир нече саатка созуларын айтты.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 30 жыл толот.