Пресс-борбор

КФС башчысы Бишкекте жаңы стадион качан куруларын айтты

Кыргыз футбол союзу Бишкекте курула турган стадиондун концепциясын иштеп чыкты. Буга чейин президент стадион 30 миң адамга ылайыкталарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте жаңы футбол стадиону 2-4 жыл аралыгында курулуп бүтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков (ортодо)
"Учурда жер маселеси кармап турат. Президенттин иш башкармалыгы менен бардык тийиштүү кызматтар курулуш иши үчүн жер участогун караштырып жатат. Биз тараптан концепция иштелип чыккан. Стадион Түштүк магистраль тарапта болот деп турабыз. Курулуш иштери 2-4 жылда соңуна чыгышы керек. Бардыгы подрядчыларды каржылоодон көз каранды. Биринчи кезекте биз жер участогун аныктап алышыбыз керек", — деди Сыдыков.
Футбол — бул Кыргызстандагы спорттун популярдуу түрүнүн бири. Бийлик күйөрмандарга үч жыл мурда жаңы стадион убадалаган, бирок курулуш иштери дагы деле баштала элек. Өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров Бишкекте 30 миң адамга ылайыкталган стадион куруларын айткан.
Пресс-борбор
Александр Крестинин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиши мүмкүн