Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болду

Буга чейин аталган кызматты Калысбек Шадыханов аркалап келген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин бул кызматты Калысбек Шадыханов аркалап келген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулган.
Орозов өкмөттүн аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүндө иштеген. Адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы болгон. Юридика илимдеринин кандидаты.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кызматынан бошотулуп, башка ишке өттү